Мектеп №22 №22 Атайын жардамчы мектеп

Ченемдик документтер

 Жалпы  билим  берүү мекеменин  БИШКЕК   шаарындагы     №22  атайын  көмөкчү  мектебинин

УСТАВЫ.

  

Жалпы  билим  берүү мекеменин  БИШКЕК   шаарындагы                                         №22  атайын  көмөкчү  мектебинин

УСТАВЫ.

1.АТАЛЫШЫНЫН АТЫ, ИШМЕРДҮҮЛҮК МӨӨНӨТҮ ЖАНА ЮРИДИКАЛЫК ДАРЕГИ.

 

  • №22  атайын  көмөкчү  мектеби  Кыргыз  республикасынын  мыйзамдуулугу  боюнча  юридикалык  макамга  ээ  болгон  жалпы  билим  берүү   мекемеси  болуп  саналат.  Ал  өзүнүн  ишмердүүлүгүн Кыргыз  Республикасынын учурда  иштеп  жаткан  мыйзамдарынын  жана  ушул  Уставдын талаптарына  ылайык  иш  жүргүзөт .
  • Толук  аталышы:

Расмий  тилде: Общеобразовательная  организация «  Специальная  (  вспомогательная)  школа № 22» г. Бишкек (далее именуемая-  Школа)

Мамлекеттик тилде:  Бишкек  ш.  Жалпы билим  берүү  мекемеси  « № 22 атайын  ( жардамчы) мектеби.» ( Мындан  нары-  Мектеп  деп  аталат.

  • Кыскача  аталышы:  №22  атайын  мектеп.
  • Мектептин  юридикалык  дареги: Кыргыз  Республикасы,  Бишкек  шаары,  Интергельпо  көчөсү  үй  № 10. Тел: 653716.
  • Мектептин ишмердүүлүгүнүн  мөөнөтү  чексиз.
  • Мектеп үзгүлтүксүз  билим  берүүдө  негизги  звено  болгондуктан балдардын  жана  өспүрүмдөрдүн  интеллектуалдык  жана  психикофизикалык  өнүгүшүүндөгү  жетишишсиздиктерин  калыбына  келтирүү боюнча  иш  жүргүзөт:  аталган  категориядагы  балдарга тиешелүү   мамлекеттик  стандартта  билим  берет:  балдардын  саламаттыгын  жана жашоосун  коргоого жооп  берет.  Ошондой  эле бүтүрүүчүлөрдүн,  өздөрүнүн психофизикалык  мүмкүнчүлүктөрүнө  жана  жөндөмдөрүнө

 

2

ылайык  эмгек  жолун  баштоого,  башталгыч   профессионалдык- эмгек  тажрыйбаларды  өздөштүрүүгө мүмкүнчүк түзөт.

 

  1. МЕКТЕПТИН ЮРИДИКАЛЫК  МАКАМЫ
    • Кыргыз Республикасынын мыйзамы  боюнча  мектеп юридикалык  макамга  ээ.   Кыргыз  Республикасынын  учурдагы  мыйзамдуулугуна  жана  ушул  Уставдын  талаптарына  ылайык,  ал  өзүнүн  ишмердүүлүгүн  жүргүзө  алат. Уюштурулган  мектеп  Кыргыз  Республикасынын  Конституциясынын,  Кыргыз  Республикасынын  « Билим  жөнүндө» Мыйзамынын,    Кыргыз  Республикасынын « Ден-  соолуктары  боюнча  мүмкүнчүлүктөрү   чектелгендердин  укуктары  жана  кепилдиктери  жөнүндөгү»  Мыйзамдын,  Кыргыз  Республикасынын  «Ден-  соолугу  боюнча  мүмкүнчүлүгү  чектелгендерди  социалдык  жактан  коргоо  жөнүндөгү»  Мыйзамдын,  «  Атайын  билим мекемелеринде ден- соолугу  боюнча  мүмкүнчүлү  чектелген  балдар  жана  өспүрұмдөр  үчұн типтүү  жобо  жөнүндө» жана  башка  нормативдик-укуктук  жана  ушул Уставдын  негизинде  аракет  жүргүзөт.

Бул   Устав  мектептин  эмгек  жааматынын 2015-  жылдын 15-январында  өткөн  чогулушунда  кабыл  алынган.

  • Укуктук- уюштуруу формасы боюнча Мектеп  мекеме  болуп  эсептелинет.

Менчиктик  формасы  боюнча  Мектеп  муниципалдык  болуп  саналат.

 

2.3. Мектеп  өзүнүн  карамагындагы  акча каражаттарына  милдеттүү  түрдө  жооп  берет.  Эгер  ал  жетишпей  кала  турган  болсо,  анда  Мектеп  милдеттеринин  субсидиардык  жоопкерчилик  боюнча  мүлк  менчик  ээси  жооп  берет.

2.4. Мектеп  жалпы  билим  берүү  мекеме  катары  негизги  маселелерди  чече  алат.  Ошол  эле  учурда  өз  күчүн  жоготуп  бараткан  функцияларды  калыбына  келтирүү,  балдарды  жана  өспүрүмдөрдү  коомго  интеграциялоо  жана  реабилитациялоо,   социалдык-эмгек  жөндөмдүүлүктөрүн  калыбына

3

келтирип,  өнүктүрүү,  тиешелүү  тажрыйбаларды  топтоо  багытындагы  иштерди  жүргүзөт.

2.5. Мектеп  Бишкек  шаарынын  мэрисынын  билим  берүү  башкармасынын  карамагында болот  жана  ал Уюштуруучунун  функциялаларынын  аткарат.

2.6. Мектеп  өз  атынан  мүлк  сатып  алууга,  милдеттерин   аткарууга,  келишимдерди   түзүүгө,  сотто  доогер  жана  жоопкер  болууга,  тиешелүү  мүлктүн  ээси  болууга   укуктуу.  Финансалык-кредиттик  мекемелеринде  атайын  эсептерге  ээ  болуп,  негизги  жана  жүгүртүү  каражаттарынын  ээси  болуп,  укукту негизде  пайдаланат.

2.7.  Мектептин  өзүнүн  символикасы  бар  печаты,  штампы  жана  бланкалары  болот.  Печать,  штамп  жана  бланктын  түзүлүшү   Бишкек  шаарынын  мэриясынын  билим  берүү башкармасы  тарабынан белгиленип   жана  жактырылып,  мектептин  аталышы  менен мазмундалат.  Печать мектеп  директорунда  сакталат.

 

3.МЕКТЕПТИН  НЕГИЗГИ  МАКСАТТАРЫ  ЖАНА  МАСЕЛЕЛЕРИ

3.1.  Мектептин  негизги  максаттарына  төмөндөгүлөр  кирет;

3.1.1.  психофизикалык  жана  интеллектуалдык  кемчиликтери  бар  балдарды  жана  өспүрүмдөрдү  окутуу,  тарбиялоо  жана калыбына  келтирүү:

3.1.2.  окутуу,  тарбиялоо  жана профессионалдык-  эмгек  ишмердүүлүк  аркылуу    балдардын  аномалдык  жекечилигин  жана  кемчиликтерин  жөнгө  салат:

3.1.3.  өсүп- өнүгүүдө  кемчиликтери  бар  балдарды  жана  өспүрүмдөрдү  коомго  социалдык  жактан  көндүрүү  жана  интеграциялоо,  жалпы  адамдык  баалуулуктарды  түзүү;

3.1.4.    жашоону  жана  ден-  соолукту  коргоо,    таанып  билүү,  кыймыл,  тил  ишмердүүлүктү  өркүдөтүү   жолу  менен  жөнгө  салуу  ишке  ашырылат:

 

4

3.1.5.  аномалдык  балдардын  угуу  тарбиясын,  оозеки  жана  жазуу  сүйлөмдөрдүн,  мейкиндик  кабыл  алуусун  өнүктүрүү  менен  компесатордук  тажрыйбаларды  түзүү:

3.1.6.  жалпы  билим  берүү  жана эмгекке  даярдоо  негиздерин  тургузуу:

3.1.7.  баланын  жекелик  жөнгө  салуусун  камсыз  кылуу:

3.1.8.    эмгек  жана  акыл  жөндөмдүүлүгүн  таанып  билүү,  окуу   процесстеринин  менен  өнүктүрүү:

3.1.9.  профессионалдык  окутуу  жана  эмгекке  орноштуруу  мүмкүнчүлүктөрүн  эске  алуу  менен  ар  кандай  эмгек  ишмердүүлүккө  ээ  болуу  жана  таанып  билүү  менен  ал  тармакты  кенейтүү:

3.1.10.  балдардын  жөндөмдүүлүктөрүн  жана  мүмкүнчүлүктөрүн,  кызыгууларын  өнүктүрүү.

 

3..2  Мектептин  компентециясына  төмөндөгүлөр  карайт;

3.2.1.   өзунө бөлүнгөн  финансалык  каражаттарын  чектеп,   билим  берүү  процессин жабдуу  менен  материалдык  – техникалык  жактан  камсыздоо,  бөлмөлөрдөгү  жабдууларды  мамлекеттик  талаптарга , нормаларга ылайык   түзүү:

3.2.2.  Уставда  каралган  ишмердүүлүктү  арттыруу  үчүн  кошумча  финансалык  жана  материалдык  каражаттарынын  булактарын  тартуу,  анын  ичине кредиттерди,  демөөрчүлүк  жардамдарды  тартуу ж.б.у.с.  болот.:

3.2.3.  кадрларды  тандоо,  жумушка  кабыл  алуу  жана  жайгаштыруу. Алардын  квалификация  деңгээлине  жоопкерчилик:

3.2.4.  окуу  процессинде  методиканы  камсыз  кылуу,  уюштуруу   жана  өркүндөтүү;

 

 

 

5

3.2.5.  Бишкек  шаарынын  мэриясынын  билим  берүү Башкармалыгынын макулдугу  менен окуу-тарбиялык,  окуу- методикалык  иштерди  мындан  ары  өркүндөтүү боюнча  сунуштарды  иштеп  чыгуу;

3.2.6.  Бишкек  шаарынын  мэриясынын билим  берүү Башкармалыгы  тарабынан  коюлган  тартипте  билим  берүүдөгү  жаңы методдорду  жана  педагогикалык  экспременттерди  турмушка  ашыруу;

3.2.7.  Кыргыз  Республикасыныдагы  жана  чет  мамлекеттердеги  башка  окуу  жайлары  менен  окуу- тарбиялык  жана  методикалык  иштер  боюнча  тажрыйба  алмашуу:

3.2.8.  иштин  жылдык  планын,  окуу  планын  жана  окуу  расписаниесин  өз  алдынча  иштеп  чыгуу  жана  бекитүү:

3.2.9.  окутуунун  жана  тарбиялоонун  методдорун  жана  каражаттарын,  формаларын  окуу  куралдарын  жана  китептерди  тандоо:

3.2.10.   кошумча  билим  берүү  кызматынын  негизинде,  негизги  окуу программадан  сырткары,    өз  калоо  боюнча  акы  төлөө кызматын  көрсөтүү:

3.2.11.  Кыргыз  Республикасынын учурдагы  мыйзамдуулугуна  жана ушул Уставка  каршы  келбеген мектептин  ички  эмгек  тартибинин  эрежелерин,  жоопкерчилик  инструкцияларды жана  башка  локалдык  нормативдик  актыларды  иштеп  чыгуу  жана  кабыл  алуу:

3.2.12.  Кыргыз  Республикасынын  « Билим  жөнүндө» Мыйзамынын  жана Мектептин  ушул  Уставына  ылайык  окуучуларды  убакыт  аралык  аттестациялоону  жана  өздөштүрүүсүн көзөмөлгө  алууга  жетишүү:

3.2.13.  Мектепте  социалдык  тамактанууну   уюштуруу менен,  ага  зарыл  шарттарды  түзүү.  Ошондой  эле санэпидстанциянын  санитардык –  гигиеналык  нормаларын  жана  талаптарын  көзөмөлгө  алуу;

3.2.14.  Мыйзамдуулукта  жана  Мектептин  Уставында  каралган,  тыую салынбаган  башка  ишмердүүлүктү  турмушка  ашыруу.

 

 

6

МЕКТЕПТИН    МИЛДЕТТЕРИ:

3.3.1. Мектеп  ар кандай саясий  ишмердүлүктөн  баш  тартат.  Мектептин  ишмердүүлүгүнө саясий  партиялардын  катышуусун  кийлигиштирбейт.  Мектепте саясий  партиялардын,  коомдук-  саясий  жана  диний  кыймылдардын  жана  уюмдардын   үгүт  иштерин  жүргүзүүгө  тыюу  салынат.

3.3.2.  Мектеп,  окуучулардын  жана билим  берүү  уюмдардын  алдында билим  алууда  курактар  боюнча  тандалып  алынган окутуу формаларын ,  окуучулардын  психофизикалык  өзгөчөлүктөрүн,  билим  берүү  уюмдардан сапаттуу  окутуу  жана  тарбия  берүү  боюнча  конституциялык  укуктарын  пайдаланып,  турмушка  ашырат  жана  жоопкерчиликти  мойнуна  алат.

3.3.3. Мектеп Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунда  белгилеген  тартип  боюнча  жооп  берет:

–  Мектептин  компентенциясына  кирген  функцияларды  аткарбагандыгы  үчүн:

–  Окуу  процессинин графигине  жана  окуу  планына  шайкеш  келген  билим  берүү  программаларын  толук  эмес  көлөмдө   турмушка  ашырылбаганды  үчүн:

–  Мектеп окуучулардын,  тарбиялануучулардын  жана  кызматрерлердин  укугун  жана  эркиндигин  бузгандыгы  үчүн.

3.3.4.  оорулуу  балдарды  социалдык  адаптациялоодо  жана  тарбиялоодо,  окуу  процессине  кыйынчылыктарды  келтирген,  дарылоо-  калыбына  келтирүүдө  иштериндеги  негизги  багыттарды кармап турган  үчүн,  тагыраак  айтканда:

негизги  дефекти ( интеллектин  бузулушу) :

  • нерв  системасынын  функцияларынын  жалпы  жетишишсиздиги  ( арыктап  кетүү, эмоциалдык  чарчап-  чалугуу  же  туруксуздук,  күүлүгүп  кетүү):
  • негизги дефектинин  таасири  жана  кээ  бир  учурда  калыбына  келтирилген  нервдин

7

жалпы  бузулушу.

  1. МЕКТЕПТЕ ОКУУ-ТАРБИЯЛЫК ПРОЦЕССТИ  УЮШТУРУУ

4.1.  Атайын  жалпы  билим  беруу уюмдарда  интеллектуалдары  жана  психофизикалык  өнүүгүлөрү  начар  балдарды  жана  өспүрүмдөрдү  окутууну  жана  тарбиялоону уюштуруу гуманитардык принциптерде, светтик демократиялык мүнөздө курулуп, окуу программасын дифереционалдык шарттарда тандоо жүргүзүлөт.Ошондой эле балдардын жана өспүрүмдөрдүн психофизикалык өзгөчөлүктөрүнүн өнүгүшүн эске алып, адеп – ахвалдык, физикалык жана эмгек тарбиялары ишке ашырылат.

4.2.  Атайын ( көмөкчү ) мектептер окуучулар үчун окуу тарбия процесстерин уюштурууну камсыз кылат.Окуучулар үчүн билим негиздерин өздөштүрүү максатында, дефектердин өнүгүүшүн оңдоп түзөө аркылуу башталгыч профессионалдык эмгек тажрыйбалары аркылуу жүргүзүлөт. Ошондой эле, коомдогу социалдык жактан көнүүгө, социалдык психологиалдык калыбына келтирүу максатын көздөйт.

4.3. Атайын ( көмөкчү ) мектепке балдар окутууга Бишкек шаарынын мээриясынын билим башкармасынын шаардык психологиялык – медициналык – педагогикалык кеңешинин жыйынтыгы боюнча алынат. Мектепте окуу акысыз.

4.4. Мектептин окуучулары мамилекеттин эсебинен каржыланат. Аларга бекер тамак – аш берилет.

4.5. Мектепте окуу – тарбиялык процесстер эки этапта өтөт:

( биринчи тепкич, 1 – 4 класстар ). Башталгыч жалпы билим берүу баланын өздүк туруусуна анын жекече мумкунчүлүктөрүн жана жөндөмдөрүн ачууга, окууга каалоосун артырууну түзүу, баланын өсуп өнүгүшүнө жакынкы жана келечек аймактарын белгилейт.

Окуучулар окуу ишмердүүлугүнун жүрушүндө зарыл болгон жөндөмдөрдү жана тажрыйбаларды үйрөнүшөт.Ошондой эле,аналитика – синтетикалык ишмердүүлүктүн элементерин, сүйлөө маданиятына, өздүк гигиенаны жана сергек жашоо образдын негиздерин, өзүн – өзү тейлөөнун элементардык ыкмаларын, мейкиндикти болжомолдоп жана мобилдүулук, окуунун,

8

эсептөөнүн, жазуунун алгачкы башталгыч тажрыйбалары берилип өздөштүрүлөт.

Окуучуларды даярдоо максатында конкреттуү окуу материалдарды өздөштүрүү үчүн окутуунун биринчи этабында ар бир окуу предметтин мазмунуна пропедевтикалык учуру киргизилет.

Жалпы билим берүүнун негизине ( экинчи тепкич 5 – 9 класстар ) жалпы билим беруүнун  жана эмгекке даярдоонун негиздери түптөлөт, баланын өздүгүн ондоп – тузөө камсыздалат, анын жөндөмдүулүгү кызыкчылыгы, мүмкүнчүлүктөрү, социялдык көнүүсү өнүгөт. Негизги мектеп илимий көз карашты, акыл – эс ишмердүүлугунун, өз алдынчалыктын тажрыйбаларын өнүктүрөт. Ошондой эле, таанып билуү аймагын кеңейтет, Эмгек ишмердүүлүктүн мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен профессионалдык  окуунун жана ишке орношуунун чөйрөсу кеңейет.

Экинчи тепкич ( оңдоп түзөөнун, жолдорун ишке ашырууну ) улантат .Ал таанып билүү, кыймыл аракет, тил ишмердүүлүгу, өздүк аймак, ден – соолукту жана жашоону коргоо жолдору менен бул маселени чечүүнү улантат. Мындай учурда интеллектуалдык жана психофизикалык өнүгүүсүнүн кемчиликтери окуучуларда аныкталып, алардын угууну кабыл алуусу, ооз эки жана жазуу тилдери мейкиндикте кабыл алуусу жана божомолдоосу түзүлөт.

4.6. Мектепте окутуунун туруктуу мөөнөту сезгиз жыл.Эгерде мектептин материялдык техникалык базасы жана окуучулардын курамы профессионалдык эмгек даярдыктын  тиешелуу денгээлине жооп бере турган болсо 9 – классты уюштурууга болот. 9 – класска окуучулардын интелек денгээли жана ден – соолугунун абалы, мектеп тарабынан аныкталган кесипке жооп бере тургандай болсо кабыл алуу жүргузулөт.9 – классты бүткөндөн кийин окуучулар разряд алуу учун клафикациялык экзамендерди тапшырышат жана тиешелүү кесипке ээ болушат.

4.7. Атайын мектепте  окуу- тарбиялык  иштер  белгиленген,  бекитилген  тартиптеги  окуу  планы  жана программага  ылайык жүргүзүлөт.

4.8.  Интеллектуалдык   жана психофизикалык өнүгүүдө  жетишсиздиктери бар окуучуларга башталгыч профессионалдык билим берүүдөгү көнүүгүлөрдү жана эмгек тартибин  өркүндөтүү максатында сөзсүз түрдө коомдук пайдалуу

9

эмгек каралган. Булардын мазмуну эмгек окутуунун профилине дал келиши керек.

4.9. Окуучулардын өнүгүүсүндөгү кемчилдиктерди жөнгө салуу жана окутуу – тарбиялоо окуу иштеринин жүрүшүндө, класстан жана мектептен сырткаркы окууларда,  жай мезгилинде мектептин участкасындагы эмгек практикасында жүргүзүлөт. Мектептеги окуу – тарбия иштеринин уюштуруусунун негизги формасы сабак болуп эсептелинет.

4.10. Окуучуларды окутуу жана тарбиялоо процессинин жүрүшүндө окуучулардын өз алдынча эмгектенүүсүнүн ар кандай түрлөрү, экскурсиялар, устаканадагы жана мектептин участкаларындагы эмгек ишмердуулүк, ишканалардагы өндүрүштүк практика учурлары кеңири колдонулат.

4.11. Билим мазмуну Мектеп тарабынан белгиленген тартипте өз алдынча иштелип чыккан мамлекеттик жалпы билим берүунун аныкталган стандарттарына ылайык колдонулат жана ишке ашырылат.

4.12. Билим беруу процессин ишке ашырууда мектеп жылдык окуу планын, жылдык календардык окуу графигин жана окуу сабактарынын расписанияларын иштеп чыгат жана бекитет.

4.13. Мектепте окутуу, тарбиялоо жана жөнгө салуу иштери орус тилинде жүргүзүлөт.

4.14. Атайын окутулган мектепте үй тапшырмалары берилбейт. Ошол эле учурда ар бир окуучуга жекече дифференцияланган мамиле жазалып жана аларда белгиленген психофизикалык өзгөчөлүктөрү эске алуу жагы каралган.

4.15. Мектепте көчүрүу экзамендери өткөрүлбөйт. Окутуунун жыйынтыгын чыгаруу окуучулардын жекече, психофизикалык өзгөчөлүктөрүнө ылайык мамилекеттик программалардын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылат.

4.16. Мектепте окуу программасын өздөштүруү бүтүрүүчүлөрдү сөзсүз түрдө жыйынтыктоочу аттестация менен бутөт. Анда 8 – класстагылар эмгекке окутуунун тиешелүү профили боюнча, 9 – класстагылар болсо өндүрүштүк практикасын өткөн жердеги иш канада өткөрүлөт.

 

10

4.17. Окуу программасын өздөштүрө албаган окуучулар мектептин педогикалык кеңешинин чечими менен кайра окутууга калтырылат.Бирок мында шарттарга ылайык жашы боюнча кийинки класска көчүрүлөт же, “ укту “ – деген жазуу менен мектепти бүтөт.

4.18. Мектептин бүтүрүүчүлөрү “ Атайын ( көмөкчү ) мектеп” – деген жалпы билим берүучу уюмду буткөн деген күбөлук алышат.

4.19. Биринчи класстагыларга баа коюлбаган система колдонулат ал эми кийинки класстарда болсо окуучулардын сапатуу өздөштүрүүсү боюнча баа коюлат. Ошондой эле балл менен кошумча баалар берилет: 5  ( эң жакшы ), 4 ( жакшы ),                                      3 ( канаатандырарлык ), 2 ( канатаандырарлык эмес ). Жыл аягында жылдык баалар коюлат.

4.20. Мектепте окуу жылы Кыргыз Республикасынын билим жана илим министирлиги тарабынан иштелип чыккан, базистик окуу планын түшундүрүү катына ылайык уюштурулат.

4.21. Каникулдун узактуулугу Кыргыз Республикасынын билим жана илим министирлиги тарабынан иштелип чыккан базистик окуу планын түшундүрүу катына ылайык аныкталат.

4.22. Биринчи класстын окуучуларына 3 чейректе райондук                             ( шаардык ) билим берүунун бөлүмүнүн макулдугу менен кошумча жумалык каникул белгиленилет.

4.23. Мектептеги окуулар мектептин директору бекиткен расписанияга ылайык жүргүзүлөт.

4.24. Мектепте сабактардын узактыгы 45 мүнөттү түзөт. Сабактар аралыгындагы танапистер 5 мүнөттү түзөт жана бир танапис 10 мунөт болушу керек. Бардык класстарда сабактын жүрүшүндө фискульттыным өткөрүү үчүн атайын убакыт бөлүнгөн.

4.25. Мектептеги класс – комплектилердин саны калктын керектелүүсү боюнча аныкталат жана билим берүү процессин өткөрүү үчүн шарттарга жана санитардык нормаларга коз каранды болот.

4.26. Класстарды толтуруу чеги психолого – медико педагогикалык кеңештин сунушу жана жыйынтыкттары боюнча түзүлөт:

11

Бир класста акыл – эси орточо калыптанган алты окуучу, ал эми акыл – эси жеңил каыптанган 10 – 12 гана окуучу болушу абзел.

Түзүлүштун татаал кемчилдиктери бар же бирдей денгээлдеги алгачкы психофизикалык бузулуштагы жана баланын социялдык калптануусуна кыйынчылыктарды келтирген балдар жана өспүрүмдөр үчүн бир класста  6 – 8 окуучу болот.

4.27.  4- 8 класстардын окуучулары эмгек жана профессианалдык окутууда эки топко бөлүнүшөт.

Эмгек окутуу боюнча топтордун толтурулушу окуучулардын интеллектуалдык жана психофизикалык өзгөчөлүктөрү эске алынат. ( бир топко төрттөн ашык адам алынбайт ).

4.28. 5 – 8 класстарда коомдук – пайдалуу, өндүрүштүк эмгек жана эмгек практикасы мектеп устаканаларында, мектептин участкаларында, базалык ишканаларында өткөрүлөт. Аларды өткөрүү эмгек окутуунун түрүнө шайкеш келиши керек.

4.29. 9 – класстын окуучуларынын эмгек практикасы окуу жылы бою белгилүу бир календардык убактыларында өткөрүлөт. Мындай учурда мектеп ар бир класс үчүн кезек – кезеги менен окуу жана практикалык окутуулар окуу планын эске алуу менен бирдей түзүлгөн график боюнча жүргүзүлөт.

4.30. Кемчилдиктерди жөнгө салуунун, билим алуудагы артта калуудагы толтуруу, ошондой эле логопедикалык атайын окутуулар топтор боюнча жана жекече өткөрүлөт.Топтор сүйлөөдөгу бирдей кемчиликтери, өнүгүүдөгү психофизикалык бирдей өзгөчөлуктөрү барларды эске алуу менен түзүлөт.

Ритмитика боюнча класстагы окутуулар топторго бөлүнбөй эле өткөрүлөт. ЛКФ боюнча ( дене тарбияны дарылоо боюнча комплекс) топтор боюнча өткөрүлөт. Мында топтор медициналык көрсөтмөлөргө ылайык уюштурулат.

Калыбына келтирүу боюнча баардык окутуулар атайын бекитилген график боюнча жүргүзүлөт.

4.31. Балдардын жана  өспүрүмдөрдүн жекелик талаптарын толук канаттандыруу максатында, алардын бош убактыларында мектепттер ар

12

кандай секцияларга кружоктор уюштурулат.Булар ар кандай демөөрчүлүк уюмдардын жана ата – энелердин каражатары менен уюштурулат.

4.32. Мектептеги тартип окуучулардын, тарбиячылардын, педагоктордун жана мектепги башка кызматкерлерди бири – бирин сыйлоо негизинде жүргүзүлөт. Окуучуларга карата физикалык жана психикалык күч колдонууга уруксаат берилбейт.

4.33. Мугалимдерге системалуу түрдө баш ийбеген жана тартипти одоно бузган окуучулар мектептен чыгарылат.Мектептен чыгаруу боюнча чечим педагогикалык кеңеште шаардык психолого – медикалык – педагогикалык кеңештин макулдашуусу менен кабыл алынат. Мектептен чыгаруу боюнча, мектептин педагогикалык кеңешинде бекитилген чечимдин  көчүрмөсү мүнөздөмө менен, райондун жашы жетпегендер боюнча иштердин комиссиясына берилет.

4.34. Окуучулардын медициналык кароосу, медициналык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт. Мектепке бектилген врач, мектеп жетекчилери сыяктуу эле балдардын ден – соолугун жана жашоосун коргоого, алардын психофизикалык өнүгушүнө, дарылоо профилактикалык иштерди жана тарбиялык дарылоону өткөрүүгө, санитардык – гигиеналык режимди сактоого бирдей жооп беришет. Медициналык кызматкерлер өзүнун ишмердүүлүгүндө тиешелуү нормативдик документтерди, методикалык сунуштарды, саламаттыкты сактоо жана билим берүу мамлекеттик башкаруунун органдардын инструкцияларын жетекчиликке алат.

4.35. Окуучуларды медициналык жактан талдап кароо врачтарды тартуу менен календардык графикке ылайык саламаттыкты сактоонун дарылоо мекемелеринин адистердин катышуусу менен өткөрүлөт.  Өнөкөт оору менен жабыркаган балдар тиешелүү  мекемелердин туруктуу профилактикалык көзөмөл алдында болушат.

4.36. УЗАРТЫЛГАН КҮН ТОПТОРУН УЮШТУРУУ.

4.36.1. Узартылган күн топтору уй – бүлөөгө ар тараптуу жардам көрсөтүу максатында түзүлөт. Анда сабактан сырткаркы ишмердүулук учүн, окуучуларды социалдаштыруу, өз алдынчалыкка көнүугүугө тарбиялоодогу жана кемчиликтерди жөнгө салуудагы жекелик колдоолорду уюштуруу,

13

өнүгуү окутуулардын алкагындагы ишмердуулүкту ар кандай жөнөкөй көнуүгүлөрдү окууга,  ата – энелери келгиче чоңдор тарабынан болгон көнүгүулөрдун шарттарын камсыз кылат.

4.36.2. Окуучулардын өзгөчө касиетүүлүгун жана ата – энелердин социялдык буюртмасын эске алуу менен окуучулардын мектепте болушун уюштурат.

4.36.3. Окутууда башынан кыйынчылыктарды өткөруп жаткан окуучуларга өнүгүунүн жана баланын социалдык байланышта ата – энелери тарабынан көзөмөл жүргүзуүнун мүмкунчүлук болбогон учурларда  ыңгайлуу шарттарын түзүү зарыл.

4.36.4.  Өнүгүүдөгү кемчилдиктерди эске алуу менен шарттары камсыз болгон социалдык – окутуу интеграциалоодогу укуктарды ишке ашырууда, окуучулардын өз ара оң тажрыйбаларына ээ болуп, өз алдынчалуулукта мүмкүн болгон ийгиликтерге жетишүү менен, ошондой эле коомдогу интеграциага катышуу ишке ашырылат.

4.36.5. Узартылган күндун топторунун иштөө режиминде тарбиячылардын өз алдынчалуулук менен уюштуруу иштери көрсөтүлөт.( Үй тапшырмаларын аткаруу, жалпы билим программаларындагы чыгармачылык, кошумча иш боюнча ).Өзүнүн кызыкчылыгы менен тандалган кружоктордо секцияларда иштөө, эксскурсия, таза абаада сейилдөө, эс алуу.

4.36.6. Окуу, эмгек жана эс алуу менен айкалышкан узартылган күн тобунун иштөө режими тарбиячылардын 8:30 дан 16:30 га чейин жалпы билим берүү мекемелеринде болуусун эске алуу менен түзүлөт.

4.36.7. Узартылган күн топторунун иши үчүн окуу сабактары боюнча эске алынып жалпы билим берүү мекемелердин окуу кабинеттери, устаканалары, физгультура жана акт залдары пайдаланылышы мүмкүн. Пайдаланылынган бөлмөлөрдүн ичиндеги окуу жабдууларынын сакталышына жана тарияланулуучулар менен болон окуу сабактарына бекитилген жооптуу тарбиячы же педагогикалык кызматкер жооп берет.

  1. ҮЙДӨ АТКАРЫЛУУЧУ ОКУУ – ТАРБИЯЛЫК ПРОЦЕССТИ УЮШТУРУУ.

5.1.Жалпы билим берүү мекемелер 18- жаштагы 1-чи-9-чу класстардагы окуучулар үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын билим башкармасынын

14

шаардык психолого- медико- педагогикалык кеңешинин сунушунун жана корутундусунун негизинде ден- соолугуна байланыштуу мектепке баралбаган, өнүгүүдөгү интеллектуалдык жана психофизикалык кемчиликтери бар балдар үчүн окуу- тарбиялык процесстерди үйүндө уюштурат.

Бул түзүмгө оорулардын Тизмесине ылайык жана   № 423\1    10.07.2008- жылдын “ Балдарды үйүндө жекече окутууну уюштуруу жөнүндөгү” Типтиптүү жобонун , Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнү уюштуруунун башка нормативдүү укуктук актыларынын   негизинде ден-соолугу  боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жана оорунун оор түрлөрү менен жабыркаган балдар кирет.

Мындай учурларда мектеп менен окуучулардын ата- энеси, же аларды алмаштыргандардын ортосунда укуктук, экономикалык жана баланын, үй-бүлөөнүн жана коомдун кызыкчылыгын камтыган милдеттер боюнча келишимдер түзүлөт.

5.2. Үй шартында билим алган балдар,  атайын мектептин окуу планына ылайык жүргүзүлөт. Текшерүү, практикалык иштердин мөөнөттөрү белгиленип, мөөнөттөр аралык жана мамлекеттик ( жыйынтыктоочу) аттестациалар өткөрүлүп турулат.

5.3. Үйдө билим алган балдардын мамлекеттик стандарттагы өздөштүрүүсүн билүү максатында, окуу чейректери жана жыл жыйынтыктары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлөт.

5.4. Үйдө билим алган балдардын мөөнөттөр аралык, мамлекеттик ( жыйынтыктоочу ) аттестиациялоосу бүтүрүүчүлөрдү мамлекеттик ( жыйынтыктоочу) аттестациялоо жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес жалпы билим берүү мектептеринде окуучуларды бир класстан бир класска көчүрүү жөнүндөгү Жобого ылайык ишке ашырылат. Албетте, бул баланын ден- соолугунун абалына тескерүү таасирин тийгизбегендей шарттарда, аео сезиминде болуш керек.

5,5. Мөөнөттөр аралык аттестациянын, класстан классака көчүруу, мамлекеттик ( жыйынтыктоочу) аттестациянын жыйынтыктары жөнүндө жана мектепти бүтүрүү туралуу  маалыматтар өз убагында класстык журналга

15

жазылып киргизилет. Өткөрүлгөн окуулар жана коюлган баалар жеке күндөлүктөгү жазууларга шайкеч келиши керек.

5.6. Мындай, оорукчан балдар ОШ-1 статистикалык отчетунун “ жекече окуган балдардын саны” деген атайын  сабында жазылат.

  1. БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОЦЕССИНИН КАТЫШУУЧУЛАРЫ

6,1. Билим берүү процессинин катышуучуларына окуучулар ( билим алуучулар), алардын ата-энелери (же аларды алмаштыргандар), мугалимдер жана Мектептин башка кызматкерлери кирет.

6.2. Мектепке окуучуларды, ата- энелердин же аларды алмаштыргандардын макулдуктарын эске алуу менен, Бишкек шаарынын мэриясынын билим башкармасынын Шаардык психолого-медико-педагогикалык кеңешинин корутундусунун негизинде ишке ашырылат.

6.3. Балдарды жана өспүрүмдөрдү атайлаштырылган мектепке кабыл алуу Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министирлигинин макулдашуусу  менен, Кыргыз Республикасынын билим жана илим Министирлиги бекиткен балдарды атайлаштырылган мектепке кабыл алуу жөнүндөгү инструкцияга ылайык жүргүзүлөт.

6.4. Ар бир окуучуга өздөштүрүү боюнча табель, өздүк иш ачылат, ал эми үйдө билим алуучуларга күндөлүк – дептер жүргүзүлөт. Анда мугалим өткөн сабактын мазмунун, сааттар санын, сабакты өткөн датасын жазып турат.

6.5. Мектепке кабыл алуу учурунда окуучу, анын ата-энеси же ( аларды алмаштыргандар) Мектептин Уставы менен, окутуу- тарбиялык процесстерде көрсөтүлгөндөр менен, жана башка документтер менен тааныш болуулары керек.

  1. ОКУУЧУЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ.

7.1. Мектепте билим алгандардын укуктары:

7.1.1.өзүнүн беделин, эркиндикти жана маалыматты, өзүнүн  эркин көз карашын жана ишендирүүнү көрсөтөт.

7.1.2. окуу планында көрсөтүлбөгөн иш чараларга эркин катышуу,

16

7.1.3. билим берүү программасында каралбаган, өз эрки боюнча эмгекке тартылуу,

7.1.4.физикалык жана психикалык зомбулук көрсөтүүнүн ар кандай ыкмаларынан коргонуу,

 

7.1.5. окутуунун шарттары, ден – соолукту бекемдөө жана коргоону кепилдиги.

7.2. Окуучунун Мектептеги милдеттери:

7.2.1. Мектептин Уставынын жана ички тартип эрежелерин көзөмөлдөө,

7.2.2. ак ниет менен окуу жана сабактарга жетишүү,

7.2.3. Мектеп каражаттарына аяр мамиле кылуу,

7.2.4. Мектеп кызматкерлердин жана башка окуучулардын беделин сыйлоо,

7.2.5. Уставдын жана ички тартип эрежелерине тиешелүү болгон Мектеп кызматкерлеринин талаптарын аткаруу.

7.3. Мектепте окугандарга катуу  тыюу салынат:

7.3.1. мектепке токсикалык  жана наркотикалык заттарды, тамаки , спирттик ичимдиктерди, куралдарды алып келүү,  бирөөгө берүү же пайдаланууга,

7.3.2. жардыруу жана өрт чыгып кете турган ар түрлүү каражаттарды жана буюмдарды пайдаланууга,

7.3.3. күч колдонуу менен мамилени аныктоо, коркутуп- үркүтүү, бир нерсени күч колдонуу менен өндүрүп алуу,

7.3.4. жасаган аракеттерден коомго кооптуу иштерди келтирүү.

7.4. Окуучулардын башка милдеттери, зарылчылык келтирген нормативдик актылар, айрыкча “Техника коопсуздук эрежелери” менен аныкталат.

7.5. Мектептен окуучулар төмөнкү негизде чыгарылышы мүмкүн:

7.5.1. Кыргыз Республикасынын учурда иштеп жаткан мыйзамдарынын жоболорунун жана Кыргыз Республикасынын    №656 30.11.2001-жылдагы

17

бекитилген токтомунун, мектеп Уставынын “ Жашы жетелектер менен иштөө комиссиясынын жоболорунун” негизинде,

7.5.2.  15-жашка чыгып башка ведомстволордун окуу жайларында билим алуусун улантуу үчүн ата-энелердин же ( аларды алмашкандардын) арызы боюнча,  саламаттылыктын абалы  тууралуу медициналык көрсөтмө боюнча.

  1. АТА –ЭНЕЛЕРДИН ( ЖЕ АЛАРДЫ АЛМАШКАНДАРДЫН) МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА ЭРЕЖЕЛЕРИ

8.1. Ата-энелердин( аларды алмашышкандардын) укуктары:

8.1.1.Баланын кызыкчылыгын жана мыйзамдуу укуктарын коргоо. Бул тууралуу Мектеп директоруна жазуу түрүндө арыз менен кайрылат.Арыз берилген күндөн тартып бир ай ичинде Мектеп директору жазуу түрүндө жооп берүүгө милдеттүү.

8.1.2. баланын сабак өздөштүрүүсү жана журуш-турушу, тартиби педагогикалык кеңеште коюлганда,ага катышууга жана талкулоого,

8.1.3. Мектептин башкаруу ишине катышууга, жалпы мектептик жана класстык ата-энелер чогулуштарына катышып, өзүнүн ой- пикирлерин айтууга,

8.1.4. билим берүү процесинин мазмуну жана жүрүшү менен, ( Мектеп директорунун уруксааты жана сабак өткөн мугалимдин макулдугу менен) баласы окуган класстын мугалим берген сабактарга катышууга жана окуучу баласынын сабак өздөштүрүү боюнча коюлган баалар менен танышууга,

8.1.5. Мектеп Уставы жана окуу- тарбиялык иштерди жөн салган башка документтер менен таанышууга,

8.1.6. Мектепке келип мугалимдер менен аңгемелешкенге,

8.1.7. Кайрымдуулук ирээтинде Мектептин өнүгүшүнөөз калоо менен максаттуу төлөөлөрдү берүүгө.

8.2. Ата-энелердин( аларды алмаштыргандардын) жоопкерчиликтери:

8.2.1. өз балдарына татыктуу тарбия берүүгө жана атайын мектепте билим алуусуна,

20

8.2.2. Мектептин Уставын аткарууга,

8.2.3. Мектеп өткөргөн ата-энелер чогулушуна катышууга,

8.2.4. окуучу баласынын Мектептин буюмдарына аяр мамиле кылууга көз салууга.

  1. МЕКТЕПТИН ПЕДАГОГИКАЛЫК ЖАНА БАШКА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН УКУКТТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ.

9.1. Мектепте окутуучулук, административдик – чарбалык, инженер – техникалык, окууга жардам берүүчү жана башка кызматкерлердин кызматы белгиленилген. Мектептин техникалык жана окууга жардам берүүчү кызматкерлеринин, педагокторго эмгек акы төлөө системасы, штаты, саны, түзүлүшү зарыл болгон учурларда өзгөрүлүп турат.

9.2. Педагогикалык кызматкерлер ( мугалимдер ), ошондой эле мектептин башка кызматкерлери Кыргыз Респуликасынын учурдагы иштеп жаткан эмгек боюнча мыйзамдуулугуна ылайык жумушка алынат. Жумушка алынып жатканды мектеп администрациясы адегенде кол койдуруу менен Мектептин Уставы, күн тартибинин ички эрежелери, кызматтык инструкциялар, техникка коопсуздугу боюнча эрежелери менен жана башка билим берүүгө таандык болгон нормативдик, укукттук мүнөздөгү документтер менен тааныштырат.

9.3. Мектептин педагокалык кызматкерлери ( мугалимдер ) төмөнкү талаптагы милеттерди канаатандырыш керек:

9.3.1. Мектеп уставын жана эмгек тартибинин Эрежелерин аткаруу, 9.3.2. Аныкталган педагогоикалык мүнөздөргө дал келүү.

9.3.3. Мектептин башка кызматкерлерине жана окуучуларга адамдык сапаттын негизинде бирин – бирин сыйлоо аң сезимдүү тарбиянын калптанышын түзөт. Мугалим тарабынан окуучуга психикалык жана физикалык зомбулук көрсөтүүгө тыю салынат.

9.3.4. Ата – эне ( аларды алмаштыргандар ) тарабынан жазылган жазуу түрүндөгү арызга катышууга жана чечүүгө,

9.3.5. окуучулардын окуу программасын өздөштүрүүсүн камсыз кылууга,

21

9.3.6. окутуу каражаттарынын ыкмаларын жана түзүлүштөрүн жакшыртууга,

9.3.7. окуучуларда өз алдынчалуулукту, окууга болгон оң мамилени, нравалык идеалдарды түзүп  өркүндөтүүгө,

9.3.8. Окуучулардын саламаттыгын, жашоосун коргоого кам көрүү,

9.3.9. Өзүнүн профессионалдык денгээлин жана квалификациясын туруктуу жогорулатууга,

9.3.10. Окуучулардын өздүк жекелигин сыйлоого, педагогикалык этиканын нормаларын алып жүрүүгө,

9.3.11. Мектеп директорунун тиешелүү буйругуна ылайык мезгилүү медициналык кароодон өтүүгө.

9.4. КЛАСС ЖЕТЕКЧИЛЕРДИН ТӨМӨНКҮ МИЛДЕТТЕРИ БАР.

9.4.1. Ата – энелер ( аларды алмаштыргандар ) менен туруктуу байланыш кылуу,

9.4.2. окуучуну тарбиялоо жана жеке өнүгүүсү боюнча иш жүргүзүү,

9.4.3. бөлөк мугалидер менен кызматташыкта ага иршенип берилген класстагы окуучуларга тарбиялык иштерди жүргүзүу,

9.4.4.окуу процезинин убагында окуучуга өз учурунда жардам көрсөтүүну уюштуруу,

9.4.5. окуучулардын ден – соолуктарын чыңдоого ар кандай иш – чараларды өткөрүп, алардын коомдук пайдалуу эмгегин уюштуруу,

9.4.6. Мектептин администрациясынын зарыл болгон отчёттук маалыматтарды берип, белгиленилген тартипте документтерди жүргүзүү жана сактоо,

9.5. МЕКТЕП КЫЗМАТКЕЛЕРИНИН ( АНЫН ИЧИНДЕ ПЕДАГОКТОРДУН ) МИЛЕДЕТТЕРИ:

9.5.1. Мектепттин Уставындагы талапттарды аткаруу,

9.5.2. мектеттип ички кун тартибинин эрежелерин сактоо,

22

9.5.3. директордун жана мектеп администрациясынын чечимдерин аткаруу.

9.6.Окутуучулар окутуу каражаттарын жана ыкмаларын тандоого, окуу куралдарын жана материялдарын, окуу китептерин, окуучулардын жеке өзгөлүктөрүнө жооп бере турган  билимине баа берүү методдорун тандоого жана окуу процессин жогорку сапатта камсыз кылууга.

9.7. Мектептин педагогикалык, жана башка кызматкерлеринин укуктары:

9.7.1. Өзүнун профессионалдык ишмердүүлүгүнүн материялдык техникалык жактан камсыз кылууга жана уюштурууга ,

9.7.2. Мектептин жетекчи органын шайлоого жана шайланууга,

9.7.3. Мектептин ишмердүүлүгүндөгү маанилүү болгон маселелерди талкуулаганга жана чечүүгө,  ошону менен бирге мектептин башкаруу органына жана коомдук уюмдардын ишине  катышуу.

9.7.4. Белгиленилген тартипте Мектептин маалымат фондусунун, окуу, илимий – усулдук, социалдык – тиричилик жана башка бөлүмдөрдүн кызматтарын пайдаланууга,

9.7.5. мектеп администрациясынын буйруктарына жана буйрутмаларына мыйзамдуулук тартибинде нааразылык билдирүүгө,

9.7.6. өзүнүн профессиналдык беделин коргоого,

9.7.7. өзүнун квалификациясын жогорулатууга,

9.7.8. өз каалоосу менен тиешелүү квалификациялык категориясын аттестациялоого,

9.7.9. жашы жеткенде пенсия алууга

9.7.10. Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамы койгон социялдык жеңилдиктерге жана кепилдиктерге.

9.8. Эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдуулгу менен жөнгө салынат.

 

 

23

  1. 10. МЕКТЕПТИ БАШКАРУУ ОРГАНЫ

10.1.Мектептин башкаруу органынын функциясын Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармасы ишке ашырат.

 

10.1.1. Мектептин башкы органынын жоопкерчилигине төмөндөгү иштер кирет:

10.1.2 Мектептин Уставын бекитүү, Уставка өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү,

10.1.3.Мектеп ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын аныктоо( анын ичинде билим берүү багытын да), окуу пландарын жана алардын аткарылышынын отчетторун бекитүү,

10.1.4. Мектеп Директорун дайындоо жана бошотууну, анын отчетун бекитүү,

10.1.5. мектептен акча каражаттарынын түшуу жана аларды колдоону тууралуу жылдык,кварталдык отчетторду, Мектептин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды алууну,

10.1.6. Мектептин ишкердүүлүк ишмердүүлүгүн токтотот, эгерде, ал жалпы билим берүүнүн ишмердүүлүгүнүн уставдык негизине кедергисин тийгизе турган болсо,

10.1.7. Кызматкерлерди сыйлоо жана ардактуу наамдарды ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды кароо,

10.1.8. файлдар жөнүндөгү жобо боюнча бекитилип, белгиленген тартипте , аларды түзүү жана жоюуу,

10.1.9. Мектептин ишмердүүлүгүнө байланыштуу боюнча ( кайра түзүү, жоюу)  маселелерди кароо,

10.1.10. Мектептин жогорку органы болгон башкармачылык, анын ишмердүүлүгунө байланыштуу болгон бардык маселелерди чечуу укугуна ээ.

 

24

10.2. мектеп жетекчиликти башкаруунун жогорку органы бекиткен, түздөн- түз Мектеп Директору аткарат. Директор өз алдынча билим берүү, финансалык- чарбалык ( бюджеттин алкагындагы)  башкаруунун жогорку органынын компетенциясына кирген маселелерден сырткары, бардык маселелерди чечет.

10.3. МЕКТЕП ДИРЕКТОРУ:

10.3.1. Мыйзамдуулукка жана ушул Уставка ылайык, бардык мекеме-ишканаларында, органдарда ишеним катсыз эле Мектептин өкүлү катары тааныштыра алат, банктагы Мектептин эсебин ача алат, ишеним каттарды берет, келишимдерди жана контрактарды түзөт, оперативдүү башкаруу укугундагы  Мектепке бекитилгендерди, менчик ээлеринин макулдугусуз  пайдаланууга мүмкүн болбогондорду  четкке кага албагандыктан пайдаланууга мүмкүн болбойт, ал эми мектепкке бекитилген мүлктөрдү колдонсо болот.

10.3.2. Өзүнүн жоопкерчилгинен сырткары болгон, баардык кызматкерлер жана окуучулар сөсзүс аткара турган буйруктарды жана буйрутмаларды чыгарат.

10.3.3. Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармасынын макулдуггу менен директордун оорун басарларын коёот жана жумуштан бошотот, алардын штаттык бирдигине ылайык сыйлоолордун бирдигин аныктайт.

10.3.4. Мектеп кызматкерлерин жумушка алат жана бошотот.

10.3.5. Мектептин штаттык бирдигин бекитет.

10.3.6.  Аттестациялык комиссиянын чечими жана Бирдиктүу тариф сеткасынын негизинде эмгек акыны белгилеп, окуу иштеринин бөлүштүрүп,  дем – күч берүүчү мүнөздөгү төлөөлөрдү аныктайт.

10.3.7. Окуу тарбиялык иштери боюнча орун басары менен бирдикте педагогтордун ишмерүүлүктөрүн , анын ичинде сабакка, окуу сабактарынын башка түрлөрүнө катышуусу, тарбиялык иш чараларды белгилейт жана ишке ашырат.

 

25

10.3.8. Мектепттин педагогикалык кызматкерлеринин чыгармачылык өсүшүнө шарттарды түзөт. Алардын окутуудагы жана тарбиялоодогу алдынкы формаларын жана ыкмаларын колдонтот, педагогикалык эксперименттерди ишке ашырат.

10.3.9. Окуучуларды кабыл алуу, бүтүрүү, көчүрүү мектептен чыгаруу жана кайрадан кабыл алуу иштерин ишке ашырат. Материалдык – техникалык

базаны бекемөөгө жана өнүктүрүүгө, окутуунун коопсуздук шарттарын түзүүгө иш – чараларды өткөрөт.

10.3.10. Сунушталган кошумча билим берүү кызматтарынын шарттарын жана тертибин аныктайт.

10.3.11. Окуу – тарбия иштерине көзөмөл жүргүзөт.

10.3.12. Өзүнүн функционалдык милдеттерине ылайык башка функцияларды да аткарат.

10.4. ДИРЕКТОРДУН ЖЕКЕ ЖООПКЕРЧИЛИГИ:

10.4.1. Мамилекеттик станттардын талаптарына окутуунун сапаттарынын шайкеш келишине,

10.4.2. Окуу пландарынын жана программаларын ишке ашырууга,

10.4.3. Бюджеттен бөлүнгөн мектеп фондусунун  каражаттарды колдонууга,

10.4.4. Мектепттин директорунун оорун басарларынын жана башка жооптуу адамдардын жоопкерчилиги Директор тарабынан жооптуу адамдардын функционалдык милдеттери жөнүндөгү Жобого ылайык аныкталат.

 

  1. КООМДУК УЮМДАР ЖАНА МЕКТЕП БАШКАРУУНУН БӨЛӨК ОРГАНДАРЫ.

11.1. Балдарды окутуу жана тарбиялоо иштеринде үй – бүлөөнүн жана мектептин аракеттерин билдирип, ошондой эле педагогикалык алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу, окуу – тарбия процессиндеги уюштуруу, педагогикалык, татаал усулдук маселелерин кароо максатында мектепте педагогикалык кеңеш, усулдук кеңеш, мектептин кеңеши, ата – энелердин

26

класстык комитети, жалпы мектептик ата – энелер комитети камкордук көруү кеңеши түзүлөт.

11.2. Мектептин  педагогикалык кеңешин ( мындан кийин текст боюнча – педсовет болуп жазылат ),  педагогикалык кызматкерлер, врач түзөт. Педсоветтин ишине төмөндөгүлөр кирет:

11.2.1. Мектептеги окуу тарбиялык процессинин абалын, мугалимдердин профессионалдык денгээлин, Мектептин ар бир окуучусунун тарбиясын жана өнүгүүшүн  диагностикалоо,

11.2.2. окуучуларды жогорку класска көчүрүү,

11.2.3. Окуу – тарбиялык процессин өркүндөтүүгө жана жогорку сапаттарды камсыз кылууга байланышкан педагогикалык маселелерди чечет.

11.2.4. Педагогикалык кадрларды атестациядан өткөрүүгө даярдоону уюштурат жана ишке ашырат.

11.2.5. Мектеп директорунун жана анын орун басарларынын отёчтторун угуп, алардын иштерин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет.

11.3. МЕКТЕПТИН УСУЛДУК КЕҢЕШИ ( мындан нары текст боюнча методсовет болуп жазылат ) мектептин тажрыйбалуу кызматкерлеринен түзүлөт, ошондой эле педагогикалык кадрлардын усулдук окууларына илимий кызматкерлерди  жана билим берүу жаатындагы адисттерди тартуу менен окуу – тарбия процессиндеги усулдук иштерди камсыздандырат жана уюштурат.

11.3.1. Мектептеги усулдук иштерди жана окуу тарбия процессиндеги методикалык камсыз кылуунун абалын диагностикалоо.

11.3.2. Мугалимдердин бирикмелерин жана башка чыгармачылык топторду түзүү жана иштерин уюштуруу;

11.3.3. Окуу – тарбиялык процессининдеги усулдук камсыздандыруусунун максаттарын жана маселелерин, педагогикалык кадрлардын усулдук окуулардын түзүү;

11.3.4. педагогикалык кадрлардын квалификацияларын жогорулуатуу мазмундарын жана формаларын, ыкмаларын аныктоо;

27

11.3.5. Педагогикалык кадрлардын усулдук окууларын жөнгө салуу жана уюштурууну, пландоону ишке ашыруу, анын жыйынтыктарына баа, анализ берүү;

11.3.6. мектеп жамаатынын ишмердүүлугун жөнгө салган, документтерин иштеп чыгуу жана аткаруу;

11.3.7. айрым педагогтордун отчётун угуу, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүу;

11.4. Мектепте үй – бүлөөнүн жана коомчулуктун, мектептин өз ара педагогикалык максатуулугун камсыз кылуу үчүн, мектептин перспективдүү өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн Мектеп  Кеңеши түзүлөт. Мектеп Кеңешинин курамына педагогикалык кызматкерлер, ата – энелер ( аларды алмаштыргандар ) жана коомчулук кирет. Мектеп Кеңеши:

11.4.1. Мектептин өнүгүү перспективасын белгилейт жана аны педагогтордун, окуучулардын жана ата – энелердин бириккен аракет кылган жолдору менен уюштурат;

11.4.2. Ар кандай финансы булактарын пайдалануу менен, мектепттик фонд түзүлөт. Ал мектептин өнүгүү,  перспективалык маселелерин чечет жана борболоштуруп камсыз кылат.Ошондой эле мугалимдердин ишмердүулүгүн, окуучуларды жана ата – энелерди кубатоо үчүн,  аз камсыз болгон үй – бүлөөлөргө жардам көрсөтүунү уюштурат;

11.4.3. Маанилүу болгон жалпы мектепттик иш чарага даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча байланышкан маселелерди талкуулайт.

11.5. Жалпы мектепттик уюм катары Мектепте, ошондой эле класстык ата – энелер комтететтер иштейт.Ал үй – бүлөөнун жана мектептин бириккен аракеттери катары балдарды окутуу жана тарбиялоо ишинде, социялдык коргоосу начар окучууларды аныкттого жардам берүуну аныктайт.

11.5.1. Класстагы ата – энелер комитети жалпы мектепттик ата – энелер чогулушунда, чогулуш көрсөткөн сандагы чечими боюнча шайланышат. Шайланган мүчөлөрү анын төрөгасын жана катчысын шайлашат. Жалпы класстык ата – энелер жыйынында жалпы мектепттик ата – энелер комитетине бир төрөга шайланат.

28

11.5.2. Класстык ата – энелер комитетинде шайланган төрөгалар жалпы мектептик ата – энелер комитетин түзөт. Анда комитеттин төрөгасы катчысы комиссиялардын төрөгалары шайланат. Жалпы мектептик ата – энелер комитетинин төрөгасы Педсоветтин мүчөсү болуп саналат.

11.6. Жалпы мектептик ата- энелер комитети:

11.6.1. Окуучулардые жүрүш- турушун талкуулайт жана тизмелерин бекитип, ар кандай материалдык жардамдарды берет;

11.6.2.мектеп турмушундагы ар кандай маселелерди талкуулайт жана сунуш түрундөгү чечимдерди кабыл алат;

11.6.3. Мектептин окуу материалдык жана чарбалык базаларын бекемдөөгө жардам берет.

11.6.4. Ата – энелер коомчулугун Мектеп турмушуна активдүү катышуусуна тартат жана класстан сырткаркы, класстык иштерди уюштурат.

11.7.КАМКОРДУК КӨРҮҮ КЕҢЕШИ:

11.7.1. Жалпы билим берүү уюмдарды башкаруудагы юридикалык статусу жок, жалпы билим берүү уюмдардын Уставынын, “ Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүнүн мамилекеттик жана муниципалдык уюмдарынын камкордук көрүү кеңеши жөнүндөгү “ Типтуү жобонун, “ жалпы билим берүү башкармасынын системасындагы мектепкке чейинки, мектеп жана мектептен сырткары билим берүүгө коомчулуктун катышуусу тууралуу “ Жобонун негиздеринде шайлануучу орган болуп эсептелинет.

11.7.2. Жалпы билим берүү уюмду бирден – бир түру болот жана жалпы билим берүу протцесин өркүндөтүүнү ишке ашырат. Ошондой эле жалпы билим берүү уюмдагы ата – энелер, атуулдук коомдук уюмдар менен өз ара байланыштарды түзөт;

11.7.3. Жалпы билим беруү пртцесинде окуучулардын кызыкчылыктарын сунуштайт;

11.7.4. Жалпы билим берүү уюумдардын ишмердүүлүгүн коомдук көзөмөлгө алууда атуулдардын катышуусун, жалпы билим берүү уюмдардын коомчулук менен өз ара эффективдүү иш алшпаруусун, алардын Уставдык

29

функцияларын ишке ашырууга, жалпы билим берүү уюмдарынын жана атуулдардын   аракеттерин бириктирүүгө, материялдык техникалык жана окуу базасын, окуу тарбиялык, инновациялык процесстерди  жакшыртууга, ошондой эле бюджеттик жана бюджеттен сырткаркы каражаттарды ачык – айкын камсыз кылып, Кыргыз Республикасынын өкмөтү берген,  гранттарды жана техникалык каражаттарды, эл аралык жана башка уюмдарды катышуусун камсыз кылат;

11.7.6. Жалпы билим берүү процессиндеги шарттарды жакшыртууга, окуучулардын ден – соолугун жана жашоосун сактоого көмөк кылат;

11.7.7. Мектеп органдарынын коомчулук менен болгон өз ара байланыштарын эффективдүүлүгү үчүн шарттарды түзөт;

11.7.8. Жалпы билим берүү уюмдарына кошумча финансылоонун булактарын тартууга көмөк кылуу;

11.7.9. Окуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзамды коргоо;

  1. МЕКТЕПТИН ФИНАНСАЛЫК – ЧАРБАЛЫК ИШМЕРДҮҮЛҮКТӨРҮ:

12.1. Мектеп мүлкү төмөндөгүдөй түзүлөт:

12.1.1. Уюштуруучу башкаруучулардын оперативдик укукттук түрдө ага бекитилген мүлктүү өткөрүп бергенде;

12.1.2. Мектептин бюджеттик эсебинен алынган каражат, анын ичинде чарбалык ишмердүүлүктөн түшкөн каражатка алынган мүлк;

12.1.3. Республикалык же жергиликтүү бюджеттен түшкөн каражаттар жана бюджеттик ассигнования этуү;

12.1.4. Бюджеттен сырткаркы каражат;

12.1.5. Мектептин ишмердүүлүнө уруксаат берилген акы төлөп көрсөтүлгөн келишимдин негизиндеги кызматтан түшкөн киреше;

12.1.6. Кредит, грант жана башка заемдик каражат;

12.1.7. Кыргыз Респубилкасынын мыйзамдуулугу  тыю салбаган мектеп бөлөк негиздерде алган мүлк.

30

12.2. Мектеп мыйзамдуулугунда белгилеген тартипте кошумча билим берүунүн акы төлөп көрсөтүүнүн жана Уставда каралган кызмат көрсөтүудөн түшкөн финасылык каражаттарынын эсебинен, ошондой эле өз экри менен берген кайрымдуулуктан жана физикалык же юридикалык адамдардан түшкөн взностор, анын ичине чет – мамилекеттердин атуулдары же чет мамилекеттик юридикалык адамдары тартат.

12.3. Билим берүуну акы төлөө кошумча кызматтары өз эркинин негизинде жүргузүлөт. Бул үчүн Бишкек шаарынын мэриясынан билим беруу башкармасынан улуксаат алуу зарыл, ата – энелер мугалимдер менен келишим түзүлөт, мектепте билим беруү боюнча акы төлөө кызматы уюштурулуп жаткандыгы тууралуу буйрук чыгарылат,кызмат көрсөтуунун төлөө акысы КР нын өкмөтүнун алдындагы антимонополдук саясат мамилекеттик комиссиясы менен макулдаштырылат жана РАЙФО анын сметасын бекитет. Жалпы билим берүүдөгү кошумча акы төлөө кызматынын талабы окуучуларды жана алардын ата – энелеринин                                                 ( алмаштыргандардын )  сурамжылоосунун натыйжасында аныкталат.

12.4. Мектептин билим беруү ишмердуүлугун финансалык жактан каржылоо жергиликтуу бюджеттин мамилекеттик тапшырмаларына ылайык ( көзөмөлдөө сандары ) мамилекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.

12.5. Билим берүү ишмердүулүгүн камсыз кылуу максатында мектепке ушул  Уставка ылайык акы төлөө менен кошумча билим беруү кызматы бекитилет. Ошондой эле мектеп, тиешелуу органдары тарабынан бекитип берилген, обьектин ээси катары укугуна ээ ( жер, имарат, курулуш, мүлк, жабдуулар, ошондой эле керектелүүчү, социалдык, маданият жана бөлөк багыттагы зарыл болгон мүлктөр, алып айтсак, штаттык бирдиги менен тамак даярдалуучу блок ж.б ).

12.6. Мүлктү оперативдүү түрдө башкаруу укугун ишке ашыруудагы мектептин милдеттери:

12.6.1. Мүлктү эфективдүү пайдалануу;

12.6.2. Мүлктү пайдалануу максатуу багытта катуу жүргүзүлөт жана анын сакталышы камсыз кылынат.

31

12.6.3. Кыргыз Республикасынын атуулдук кодексинин 231 чи беренесине ылайык, оперативдүү башкаруу укугуна бекитилген  ээликтен ажыратуу же кандайдыр бир мүлктү пайдалануу менчик ээсинин макулдугу менен гана жүргүзүлөт;

12.6.4. Мүлктүн техникалык абалынын төмөн түшүп кетишине жол бербөө;

12.6.5. Мүлктүн учурдагы жана копиталдык римонтун жүргүзүү; мында мүлктүн өндүрүштөгү бардык жакшырылышы, оордуна келүүсү мүмкүн эмес.

12.7. Мектепке бекитилген мүлктүн сакталышына жана багыты боюнча пайдалануунун көзөмөлү муниципалдык мүлк башкармасынын Комитети тарабынан бекитилген мыйзамдуулук тартипте ишке ашырылат.

12.8.  Оперативдүү башкаруу укугуна ээ болгон бекитилген мүлк мектеп тарабынан өзүнүн ишмердүулүк максатына ылайык менчик ээсинин тапшырсасы жана көрсөтмөсү боюнча пайдаланылат.

12.9. Мектеп ижара алуу жана менчик обьктилерин ижарага берүугө укуктуу;

12.10. Мектеп бөлүнгөн сметада көрсөтүлгөн каражаттардын эсебинен алган мүлктү жана кандайдыр бир өзүнө бекитилген мүлктү пайдаланууга жана ээликтен ажыратууга укуктуу эмес.Ишмердүүлүктөн түшкөн кирешелерди жана ушул кирешелердин эсебинен алынган мүлк мектептин карамагына өтөт жана өзүнчө балансада эске алынат;

12.11. мектеп өз алдынча багыт белгилеп бюджеттик жана бюджеттен сырткаркы каражаттардын тартибин белгилейт.Анын ичинде смета боюнча мектеп кызматкерлеринин эмгек акылары жана материалдык жактан сыйлоо каралат. Бул иш Кыргыз Республикасыннын өзүн – өзу башкаруунун жергиликтүү оргндарын жана мамилекеттик органдарынын тиешелуү бекиткен документтерге ылайык жүргүзүлөт.

12.12. Мектеп финансалык – чарбалык ишмердүүлүгүн өз алдынча ишке ашырат. Мектеп тиешелуү органдар тарабынан же анын менчик ээси болгон финасалык жана материялдык каражаттарды, мектеп ушул уставка ылайык, өз каалоосу боюнча пайдаланат. Алар мыйзамдуулукта каралбаса кайтарып алууга болбойт.

 

32

12.13. Мектеп, өзүндө болгон каражаттарга ылайык, эмгек акы системасын жана эмгек акы төлөө формасын  өз алдынча аныктайт.Ошондой эле ал кошумча акылдардын көлөмүн жана ушуга мүнөздүү төлөөлөрдү, Бирдиктүү тарифтик сеткасына ылайык баардык категориялардагы кызматкерлердин жооптуу оклаттарынын өлчөмдөрун белгилейт. Бирок булар мыйзамда көрсөтүлгөндөрдөн төмөн болбошу керек.

12.14. Мектептин ишкердүүлүгүнүн ишмердүүлүгү Граждандык Кодексин,  ошондой эле Кыргыз Республикасынын “ коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө “ мыйзамынын талаптарын эске алуу менен ишке ашырылышы керек.

  1. ЭСЕП, КӨЗӨМӨЛ ЖАНА ОТЧЁТУУЛУК.

13.1. Мектеп ишмердүүлүгү боюнча статистикалык жана бухгалтердик эсебин өзүнүн кароосу боюнча жүргүзөт; же башка мектептер менен бирдикте Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык райондук билим борборунун борборлоштурулган бухгалтериясы аркылуу жүргүзүлөт.

13.2. Мектеп отчётту мамлекеттик жана коомдук уюмдардын талаптарына ыйлык берип турат.

13.3. Мектептин ишмердүүлүгүнө көзөмөл жана анын финансалык – чарбалык ишмердүүлүгүнө ревизия жазоо Ээси – уюштуруучу тарабынан аныкталат жана ошол тартипте жүргузүлөт. Анын функциясын Бишкек шаарынын мэрисынын алдындагы билим берүу башкармасы аткарат.

  1. МЕКТЕПТИ ЖАҢЫЛАП ТҮЗУҮ ЖАНА ТОКТОТУУ.

14.1. Мектептин ишмердүүлүгүн жаңылап түзуу формасында  ашырылат. ( Бири – бирине кошуу, бөлуү, кайра түзүү )

14.2. Мектептин ишмердүүлүгү төмөнкү учурларда токтотулат:

14.2.1. Ээси – уюштуруучусунун ( Бишеке шаарынын мэриясынын билим беруү башкармасы ) чечими менен;

14.2.2. Сот органдарынын чечими менен;

14.3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунда каралган, башка негиздерде;

33

14.4. Мектепти кайра түзүүдө баардык документтер ( башкаруу, финасалык чарбалык, курам боюнча жана башка ушу сыяктуу докмунтер ). Белгиленген эреже боюнча жаңы ээсине уюштуруучусуна өткөрүлүп берилет.

14.5. Мектепти жоюуда ээси уюштуруучусунун чечими менен                       ( Бишкек шаарынын мэриясынын билим беруү башкармасы ), жоюу комиссиясы дайындалат. Ал мектепти жоюу мөөнөтүн жана тартибин белгилейт.

14.6. Жоюу комиссиясы тузулгондон баштап Мектептин органдарынын мүлктү ээликтен ажыратуу боюнча, же карыздардан кутулуу боюнча актылар жоюу комиссиясынын макулдугу менен гана жүргүзүлөт.

14.7. Жоюу комиссиясы активдерди баалап туруп, кредиттерди аныктоо жана девитордук карыздарды алууга баардык чараларды көрөт. Ошондой эле Мектептин кредиторлоруна жазуу ирээтинде, анын арызындагы талаптардын аткаруу мөөнөттөрүн жана тартиби жөнүндө билдирет.

14.8. Кредиторлордун талаптарынын мөөнөтү аяктаган соң, жою комиссиясы убактылар аралык баланс түзүп, аны ЭЭси – уюштуруучуга, же юридикалык өкүлгө  бекитип беруү үчүн берет.

14.9. Мектепти жоюудагы кредитерлорго акчалай төлөмдөр Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамдуулугу белгилеген кезекке ылайык жүргүзүлөт.

14.10. Кредиторлор менен эсептешкенден кийин жоюу комиссиясы балансасын түзүп, аны бекитүү үчүн менчик ээсине берет. Жоюлуп жаткан мектептин мүлкү муниципалдык менчикте калат.

14.11. Жоюлуп жаткан мектептин илимий маанидеги документтери туруктуу сактоо үчүн мамлекеттик шаардык архив фонддорго сактоо үчүн берилет. Ал эми жекече курамдагы документтер                          ( буйруктар, өздүк дело жана учет карточкасы ж.б.у.с.) мектеп турган архив фонддуна өткөрүлүп берилет.

14.12. Документтерди өткөрүү жана тартипке келтирүү мектептин каражатынын эсебинен, “ Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик

 

34

фондусу жөнүндөгү “ мыйзамга жана архивдик органдардын талаптарына ыйлык жүргүзүлөт.

14.13. Мектеп жоюлду деп юридикалык өкүлдүн бирдиктүу Мамлекеттик реестирине мектептин жоюлгандыгы тууралуу жазуу киргизгенденден кийин күчүнө кирет.

14.14. Эгер мектеп жоюлуп кетсе анын мүлкү ээси уюштуруучунун балансасына өтөт.

15.ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ АБАЛ.

15.1.Бул Уставдын  өзгөрүүлөрү жана кошумчалары Мектеп башкаруусунун Жогорку оргоны тарабынан бекитилет жана мыйзам түрүндө каттоодон өтөт;

15.2. Бул Уставка болгон өзгөрүүлөр жана кошумчалар мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин гана  күчүнө кирет:

15.3. Мектептин ишмердүүлүгү жөнүндөгү ушул Уставка кирбей калган маселелер Кыргыз Республикасынын учурдагы мыйзамы тарабынан жөнгө салынат.

 

 

 

Мектеп директору:                                                  М.М.Сыдыкова.